x
Ф К К С

Новости:

С праздником Орозо Айт!

Подробнее

Билдируу!

    Кредиттик союздарга 

Билдируу! 

«Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКму 2026-жылдын 19-майында Директорлор кенеши тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, кредиттик 

союздар үчүн колдонулуп келген 15%–18% калкыма пайыздык чендер жокко чыгарылганын

 маалымдайт. 

Инфляциянын өсүшүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташына жана Компаниянын

 финансылык көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу максатында 2026-жылдын 20-майынан тарта баардык кредиттик союздарга төмөнкү пайыздык чендер бекитилди: 

• күрөө менен камсыздалган кредиттер / кредиттик линиялар – жылдык 17%; 
• күрөөсүз кредиттер / кредиттик линиялар,КС төрагасынын кепилдиги менен –

жылдык 18%. 

Ошондой эле, кредиттик линиянын алкагында 70% кыймылсыз мүлк менен камсыздалган

 учурда, калган 30%ын кыймылдуу мүлк же кредиттик портфель менен камсыз кылуу

 мүмкүнчүлүгү каралган. 

Буга чейин түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча шарттар келишимде белгиленген 

тартипте колдонулат. 

Кошумча маалымат алуу үчүн Компаниянын байланыш номерлерине 

кайрылсаңыздар болот. 

 

Урматтоо менен, 

«Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКму 

20.05.2026-жыл